Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

“Өмүр бешиги” Азербайжандан сыйлык алды


Кыргызстандык жаш режиссер Асел Жураеванын “Өмүр бешиги” аттуу тасмасы Азербайжандагы “Азербайжан үй-бүлөсү” деп аталган даректүү тасмалар фестивалында “Эң мыкты чет элдик тасма” деген сыйлыкка ээ болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” режиссер өзү кабарлады. Анын айтымында, “Өмүр бешиги” 2009-жылы тартылган анын алгачкы курстук иши. Анда бир үй-бүлөдөгү тагдыр аркылуу муундардын уланышы баяндалат.

Тасма буга чейин Екатеринбург шаарында өткөн “Ачык Орусия” фестивалында эң мыкты дебют, “Шакен жылдыздары - 2011” фестивалында эң мыкты студенттик тасма, Татарстанда  “Мусулман киносу” эл аралык фестивалында эң мыкты кыска метраждуу тасма деп табылган.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG