Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Жалал-Абад: эки милиционерге кылмыш иши козголду


Облустук прокуратуранын тергөө бөлүмү Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине тиешелүү кылмыш ишин тергеп бүтүп, соттун кароосуна жиберди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар быйыл 7-сентябрда кылмышка байланыштуу көрсөтмөлөрдү алуу үчүн 11 өспүрүмдү негизсиз кыйнашкан. Эки милиционерге Кылмыш-жаза кодексинин кыйноо, ден-соолукка атайлап залал келтирүү, эркинен мыйзамсыз ажыратуу жана пара талап кылуу деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Райондук ички иштер бөлүм башчысы Абдил Куланбаев милиция кызматкерлери балдарды кыйнабагандыгын жана пара алуу окуясы аныкталбагандыгын билдирүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG