Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Украина Евробиримдик менен келишимге 2014-жылы кол коюшу мүмкүн


Украин өкмөт башчысы Николай Азаровдун билдиришинче, Киев менен Брюссел Ассоциативдик келишимге кийинки жылы Евробиримдиктин саммитинде кол коюшу мүмкүн.

Премьер-министр телеканалдардын бирине маегинде, “Евробиримдик Украинанын экономикалык абалын түшүнөт” деп билдирип, өз өлкөсүнүн келишимден баш тартпаганын эскертти. Азаровдун пикиринде, оппозиция кырдаалдан пайдаланып, абалды аянычтуу катары көрсөтүү менен өлкөдөгү экономикалык жана саясий абалга таасир этүүгө аракет кылып жатат.

Өткөн аптада украин өкмөтү Евробиримдик менен түзүлчү келишимдерге даярдыктарды азырынча токтото турууну чечкен. Анын алдында парламент мурдагы премьер-министр, учурда камакта жаткан Юлия Тимошенкону чет өлкөдө дарылатуу жөнүндөгү сунушту четке каккан. Бул Евробиримдиктин Украина менен келишимге кол коюудагы негизги шарты эле. Аталган келишимге ушул аптадагы Вильнюстагы саммитте кол коюлмак.

XS
SM
MD
LG