Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Cууга аккан кыздын сөөгү үч айдан соң табылды


Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан улам сууга агып кеткен 12 жаштагы Жасмина Юсупжанованын сөөгү 24-ноябрь күнү табылды. Аны менен кошо агып кеткен 3 жаштагы Мээрим Миталипованын денеси изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Балдар 21-августта агып кеткен. Бишкек-Ош жолунун 373- чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын аймакта “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, 7 адам каза болгон эле. Беш кишинин сөөгү ошол эле күнү табылып, эки жаш кыз изделип жаткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG