Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Украина: Тимошенко ачкачылык жарыялады


Украинанын абактагы экс-премьер-министри Юлия Тимошенко Киевдеги Евробиримдик менен алаканы күчөттүүнү жактагандардын митингине тилектештигин билдирип, ачкачылык жарыялады. Жекшембиден бери Киевдин борбордук аянтына чыккан миңдеген демонстранттар президент Виктор Януковичтен Евробиримдик менен ассоциативдик жана эркин соода жүргүзүү боюнча келишимге кол кол коюуну талап кылышууда. Демонстрация жүрүшүндө акция катышуучулары менен полиция кагышты.

Тимошенко акция катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда “Cилер менен тилектештигимди билдирүү үчүн мөөнөтсүз ачкачылык баштадым жана Януковичтен Евробиримдик менен келишимге кол коюуну талап кылам”,- деп билдирген.

Ал ортодо Евробиримдик Орусияны Киевге келишимге кол коюудан баш тартыруу үчүн басым жасады деп сындап чыкты. Евробиримдиктин президенти Херман ван Ромпей жана Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу биргелешкен билдирүүдө Орусиянын саясатын жана позициясын сындай турганын белгилешкен. Ошондой эле Биримдиктин жетекчилери Украинага келишимге кол коюу боюнча сунуш күчүндө экенинин эскертишти.

XS
SM
MD
LG