Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Ош: кылмыш тобунун башчысына издөө жарыяланды


Ички иштер министрлиги Кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов кабарлады.

Анын айтымында, Досонов быйыл жазында Ош шаардык соту тарабынан акталып, боштондукка чыгып кеткен. Ал өткөн жылы 14-сентябрда Тажикстандан кармалып, Дүйшөмбү шаарынан алынып келген. Ага ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар коюлган. Бирок сот бул айыптардын баарын алып салып, Досоновду эркиндикке чыгарган. ИИМ бул иш кайрадан иликтенип, быйыл июнь айында Досоновго кылмыштуу топ түзгөн деген берене боюнча кайрадан иш козголуп, 21-ноябрдан тарта издөө жарыяланды.

Милициянын маалыматына ылайык, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү саналган Досонов кылмыш дүйнөсүнө 1990-жылдардан тарта аралашканы белгилүү болгон. Анын өлкөнүн түштүк аймагындагы маңзат соодасын дагы деле көзөмөлдөөрү айтылып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG