Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Жол буугандар түз эфир сурап жатышат


Бишкек-Каракол жолун бууп турган Саруу айылынын тургундары мамлекеттик телеканалдардан аларга түз эфир берилишин, ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаевдин катышуусун сурап жатышат. Мындай талапты алар Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров жана Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиев менен жолуккан учурда айтышты.

Жол Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы Кашат көпүрөсүнүн үстүнөн таштар менен буулган. Уюштуруучулар 7-октябрда Караколдо болгон митинг үчүн камалгандарды бошотуу талабын коюп жатышат. Кабарчыбыздын айтымында, акцияга жүздөй адам чыккан, жарымы атчан. Негизинен, Саруу айылынын тургундары. Алар бүгүн жол бууганга чейин Жети-Өгүз районунун акимчилигинен митинг да өткөрүшкөн.

Азыр жолдо 30дан ашуун унаа топтолуп турат. Ооруган киши менен бараткан эки унаа өткөрүлдү. Абалга күч кызматкерлери көз салууда.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы октябрь айында Каракол шаарында уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. (MK\SE)

XS
SM
MD
LG