Панфилов районунун акими Тимур Молдокулов камакка алынганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл июлда кызматка дайындалган Молдокулов акимдикке дайындалаар алдында жасалма документтин негизинде 5 жылдык иш тажрыйбаны кошуп жаздырып алган. Ал өз өмүр баянында 2000-жылдан 2005-жылга чейин Сокулук районунун Биринчи май айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис катары эмгектенгенин жазган. Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө Молдокуловдун бул кызматты ээлебегени дайын болду.
Натыйжада Тимур Молдокуловго Кылмыш кодексинин 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык), 350-беренеси (Жасалма документ, мөөрлөрдү пайдалануу) жана 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Молдокулов кызматтан алынып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.(BkA)