Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Саудияда АКШ консулдугуна кол салган адам соттолду


Сауд Арабиянын соту 2004-жылы Жидда шаарындагы АКШ консулдугуна чабуул жасаган адамды өлүм жазасына тартты. Чабуулдан беш адам өлгөн болчу. Саудиянын СРА агенттигинин маалымдашынча, чабуулду уюштурууга тиешеси бар дагы 19 адам бир жылдан 25 жылга чейин абакка кесилди. Алардын баары “бузуку топтордун” мүчөлөрү болгону айтылат. Бул сөздү Саудия бийликтери демейде “ал-Каида” уюмуна колдонушат.

2003-2006-жылдары падышалыкта батыштык жарандарга жана мекемелерге жасалган чабуулдардан кийин Саудиянын бийликтери "ал-каидачыларга" каршы чечкиндүү чара көрүп, террорчул уюм менен байланышы бар деп шектелген миңдеген адамдарды камакка алган.
XS
SM
MD
LG