"Аскерлер Африка Биримдиги уюмуна бул өлкөдө жарандык согушту тутандырбоого көмөктөшөт", деп билдирди Франциянын коргоо министри Жан Ив Лө Дриан. Бир күн мурун Бириккен улуттар уюмунун өкүлү жыл башында өкмөтү кулатылган Борбордук Африка Республикасында массалык адам өлтүрүү, мыкаачылык жана башаламандык кеңири жайылып кетиши ыктымал экенин эскерткен.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши франциялык жоокерлерди Африка өлкөсүнө киргизүүнү тез арада бекитери айтылууда. Борбордук Африка Республикасынын 4,5 миллион эли тарса-христиандар менен мусулмандар арасындагы күчөп бараткан жаатташуудан катуу жабыр тартышууда.
Өткөн аптада Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус 1960-жылга чейин француздардын колониясы болгон Борбордук Африка Республика “кызыл кыргын, геноциддин кырында турат” деп билдирген.