Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Саруулуктар Балыкчы-Каракол жолун ачышты


7-октябрда Караколдо өткөн митинг маалында камалгандарды бошотуу талабы менен Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары бууган Каракол-Балыкчы жолу ачылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактык кабарчысына акциянын уюштуруучуларынын бири Замир Меңдибаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн кечке жуук нааразылык акциясына чыккан 100дөй тургун менен Жети-Өгүздүн акими Дамир Моңолдоров жана Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Эмил Салиев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжада бүгүн түштөн бери буулуп турган жол ачылды. Бирок саруулуктар эртең өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев Сарууга келип, жергиликтүүлөр менен жолукпаса, жолду кайрадан бууй турганын эскертишүүдө.

Жол Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы Кашат көпүрөсүнүн үстүнөн таштар менен буулган. Буга чейин жолдун эки тарабында 30дан ашык унаа өтө албай турганы кабарланган. (BkA\MK)

XS
SM
MD
LG