Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

ЕБ мурдагы советтик өлкөлөргө өз шартын жеңилдетти


Европа биримдиги экс-советтик алты республика менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимдин шартын жумшартты. Чыгыш кызматташтыгы саммитинде кабыл алынчу жыйынтыктоочу декларациянын долбоорунда мүчөлүккө арыз берген өлкөлөрдөн “Биримдиктин фундаменталдык баалуулуктарын сыйлоо” жөнүндө талап айтылбайт. Мындай талап Азербайжан, Армения, Грузия, Беларус, Молдова, Украина кол койчу мурдагы декларацияда бар эле.

“Азаттыктын” колундагы документке караганда, Вильнюстагы саммиттин катышуучулары бирдиктүү Европадагы өнөктөштөрүнүн максатын, тандаган багытын жана демократиялык коом куруу милдеттенмесин билерин тастыктоосу абзел.

Ассоциациялык мүчөлүк жана эркин соода келишимине аталган алты өлкө 29-ноябрда Вильнюста кол коёт деп мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG