Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Абактагы ачкачылык уланууда


Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалгандардын ачкачылык акциясы уланууда.

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде ачкачылык жарыялаган 700 адамдын 300ү акцияны токтотту. Ал эми калган 400ү ачкачылыкты токтотпой жатышат. Булар менен бирге кечээ кечке жуук Ысык-Ата районундагы №50 “Алга” түрмөсүндөгү 10 чакты адам да ачкачылыкты баштаганы белгилүү болду.

Абак жетекчилигинин маалыматында, ачкачылык жарыялагандар учурда “Алгада” камакта отурган "Лимонти" деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү Алмаз Сулаймановду өздөрү отурган тергөө абагына которуу талабын коюшууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG