Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн жобосу даярдалды

Кыргызстанда учактардын учуу коопсуздугу боюнча жаңы жобо иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Эркин Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 5 жылга белгиленген программада жарандык авиацияны өнүктүрүү стратегиясы аныкталды. Стратегия алкагында авиа компанияларга учуу коопсуздугу боюнча жаңы талаптар коюлмакчы.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги жана авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Евробиримдиктин  “кара тизмесинде”. Буга Кыргызстанда мыйзамдык базанын эл аралык жарандык авиациянын стандарттарына жана учактардын коопсуздукту сактоо талаптарына дал келбегендиги себеп болгон. (BkA\KE)
XS
SM
MD
LG