Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Мектеп окуучусу экинчи мультфильмин тартып бүттү


Жалал-Абад шаарында 11-класста окуган Акылбек Бекмолдоев кыргыз эл жомогунун негизинде он беш мүнөттүк "Акылман карыя" аттуу мультфильмди тартып бүттү. Тасманын сценарийин атасы Бекмолдо Чотонов жазган.

Акылбек эми сериал тартууну көздөп жатканын «Азаттыкка» айтты. Зарыл буюмдарды сатып алууга көмөк сурап, Жалал-Абад шаардык мэриясы менен Эмгек жана жаштар министрлигине кайрылмакчы.

Акылбек Бекмолдоев Жалал-Абаддагы Раатбек Санатбаев атындагы гимназия-мектебинде билим алат. Буга чейин үч мүнөттүк «Акылдуу бала жана хан» аттуу мультфильм тартып, ал жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG