Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Айтматовдун чыгармаларынын аудио топтому чыкты


Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын аудио топтому чыкты. Жазуучунун повест-романдарынын аудио жазуулары Коомдук телерадиокорпорациянын кызматкерлери тарабынан даярдалды.

Топтомго Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары кирген. “Кызыл алма” жана “Биринчи мугалим” повесттери жазуучунун өз үнү менен жазылган. Калган чыгармаларды көрүнүктүү актерлор окуган.

Аудио антологиянын бет ачары 27-ноябрда Бишкектеги “Ала Тоо” кинотеатрында өттү. КТРКдан билдиришкендей, жаңы жылдан кийин дисктер сатыкка чыгарыла баштайт. Ошондой эле Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмалар да бир дискке топтолуп, видео антология катары сатылат.

Чыңгыз Айтматовдун “Жамила”, “Кылым карытар бир күн”, “Эрте келген турналар”, “Кыямат” сыяктуу ондогон чыгармалары дүйнөлүк адабияттын классикасына айланган . Жазуучунун повест-романдары бир канча тилдерге которулган. (SE\ATe)

XS
SM
MD
LG