Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Грузия ЕБ менен саясий кызматташууга кадам таштады


Грузия Европа биримдиги менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимди беките баштады. Ырасмий жөрөлгөгө ылайык, жума күнү Вильнюста улантылчу Чыгыш өнөктөштүгү саммити учурундагы салтанатта миң баракка жакын келишимдин бир гана барагына кол коюлат. Грузиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Давид Залкалианинин “Азаттык” радиосуна айтышынча, эртеңге чейин калган барактарга кол коюлуп чыгат.

Ассоциациялык келишимге кол коюлгандан кийин Грузия Евробиримдик менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүдөн мурда өлкөнүн мыйзамый, юридикалык жана экономикалык түзүмдөрүн Биримдиктин нормаларына ылайыкташы шарт.

XS
SM
MD
LG