Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:21

Кыргыз шырдагы кайрадан Лондондо


Атбашылык уз Какеш Жумабай кызы шырыган шырдак, Нарын областы, 11-июнь 2011-ж.
Кыргыз шырдагы Британияда жыл сайын өтүүчү "Селвеж" күзгү жармаңкесинде англис коомчулугунун назарына коюлат. Бул тууралуу Амстердамдагы "Шырдак" көргөзмө-дүкөнүнөн "Азаттыкка" кабарлашты. Жармаңке Лондондун чок ортосундагы Челси районунун мэрия имаратында 29–30-ноябрда өтөт.

Көргөзмөгө шырдактан тышкары жүндөн жана булгарыдан жасалган кийим-кечелер, буюмдардын жаңы коллекциясы тартууланат. Бардык буюмдар кыргыз уздарынын колунан жаралган. Кыргыз шырдагын Европада жайылтуу максатында Кыргызстандын Нидерланддагы ардактуу консулу Мариен Түрлиңс Амстердамдын борборунда "Шырдак" көргөзмө-дүкөнүн ачкан.

Жазында ушул сыяктуу көргөзмөдө кыргыз шырдагы британдардын арасында чоң кызыгуу жараткан. (BAz)
XS
SM
MD
LG