“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева үй камагына бошотулду. Ош шаардык соту 28-ноябрь күнү кечинде ушундай чечим чыгарганын шаар милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Козголгон кылмыш иши боюнча териштирүүлөр уланып жатат.
Айтиева бирөөнү сабады деген айып менен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 26-ноябрь күнү 48 саатка камалган. Милициянын маалыматында, ал батир алып берем деп, Ош коогасында жабыркаган кээ бир адамдардан ири суммада акча алган, карызын доолагандарды сабаган деп айтылат. Айтиева өзүнө тагылып жаткан айыптар туура эместигин "Азаттыкка" билдирди. Эки күн камакта жатып, ооруп калганын, бул боюнча кийин комментарий берээрин айтты.
Тургунайым Айтиева Ош окуясынан соң “Ош шейиттери” коомдук уюмун ачып, 2010-жылкы коогада жабыркагандарга батир, компенсация алуу боюнча жардам берип жүргөн. (SE)