Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Жусупбековдун камалышын тасмага байланыштырышууда


“Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековдун камалышына абакта отурган Абдулла Юсупов түшкөн тасма негиз болгон.

Ушул жылдын сентябрында СИЗО-1де отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адамдын видеосу интернетте жарыяланган. Тасмадан 5-6 адам манты жеп, бири-бирин Айт менен куттуктап жатканын, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Тасма 8-августта тартылганы белгиленет.

“Азаттыктын” ишенимдүү булагынын билдиришинче, бул окуя боюнча октябрдан бери териштирүү иштери жүрүп жаткан.

Марс Жусупбековдун аты 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын абак жайларында кармалып тургандар жапырт ачкачылык жарыялашканда белгилүү болгон. Анда Жусупбеков Бишкек СИЗОсунда кармалгандардын ачкачылык жарыялоосунун артында кримтөбөлдөрдүн абактардагы камераларды ачык коюу талабы жатканын билдирген.

СИЗОдо отургандардын 700 чактысы ушул апта башында да бир күн ачкачылык жарыялашты. Марс Жусупбеков 26-ноябрда ачкачылык жарыялагандар кримтөбөлдөрдүн бирин СИЗОго которуп берүү талабын коюп жатышканын "Азаттыкка" айткан эле.

Кабарларга караганда, Жусупбеков Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренесинде (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) каралган кылмыштарга шектүү катары кармалды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы дем алыш күндөрүнө негиздеп, маалымат берүүдөн баш тартты.

Абдулла Юсупов апрель окуяларында талап-тоноочулукка катышкан деп айыпталып, ошол жылы кармалган 4 кишинин бири. (EBM/AKu)

XS
SM
MD
LG