"Талибан" кыймылынын лидери молдо Абдул Гани Барадардын жакында түрмөдөн бошотулушу Исламабад бийлигинин Ооганстандагы тынчтык процессине салым кошууга дилгирлигин көрсөтөт. Мындай билдирүүнү бүгүн Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуудан кийин жасады.
Барадар ушул сентябрда Пакистандагы абактан чыгарылган. Шариф Ооганстандын тынчтык кеңешине Барадар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген механизмдер боюнча келишим түзүлгөнүн белгилеп, бирок анын чоо-жайын айткан жок.
Пакистан өкмөт башчысы кызматка келгенден бери биринчи жолу кошуна өлкөгө барды. Ал тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт катары кошуна өлкө менен мамилелерди жакшыртууну белгилеген.
Талиптердин бир катар жетекчилери Пакистанда жашырынып жүрөт деп болжолдонууда жана Кабул Исламабад бийлигинин жардамы менен аларды диалогго тартууга аркеттенүүдө. Ооганстан кошунасын чек арада баш пааналаган талип согушкерлерин колдойт деп айыптап келет.