Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Египетте жаңы конституция колго салынды


Египеттин конституциялык комиссиясы баш мыйзамга киргизилчү 250дөй алымча-кошумча боюнча добуш берүүнү баштады. Добуш берүү эмки шейшембиге чейин уланат. Жаңы конституциянын долбоору 3-июлда президент Мохамед Мурсини бийликтен кулаткан аскердик жетекчилик жарыялаган өткөөл жараяндын биринчи кадамы болуп эсептелет.

50 кишиден турган комиссияга ар кыл партиялардын, жарандык коомдун, армия, полиция жана диний топтордун өкүлдөрү кирет. Өзгөртүүлөр жактырылган соң утурмудук президент Адли Мансур бир айдын ичинде баш мыйзамдын долбоорун элдик референдумга коюуга тийиш.

2014-жылы Египетте парламенттик жана президенттик шалйоо өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG