Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Орусиянын үч шаарына жаңы аба каттам ачуу каралууда


Кыргызстандан Астрахан, Волгоград жана Томск шаарларына түз аба каттам ачуу каралууда.
Кыргызстандан Астрахан, Волгоград жана Томск шаарларына түз аба каттам ачуу каралууда.
Орусиянын Астрахан, Волгоград жана Томск шаарларына Кыргызстандан түз аба каттамдарды ачуу каралып жатканын "Азаттыкка" "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынан кабарлашты. Бул боюнча аталган үч шаардагы аба майдандарды иштеткен "Новапорт" холдинги менен өз ара түшүнүү келишимине 27-ноябрда кол коюлду.

Меморандумдун алкагында авиажүргүнчүлөрдүн агымы, каттамдардын жыштыгы жана техникалык даярдык жаатындагы иликтөөлөр жүргүзүлөт. Бул иштер аягына чыгып, оң жыйынтык берген соң "Эйр Кыргызстандын" учактары бул шаарларга келерки апрелден каттай баштайт. Орусиянын жети аба майданын иштеткен "Новапорт" холдинги "Эйр Кыргызстанга" аэропорттук тейлөө төлөмдөрүнө 50% чейин жеңилдик берээрин да белгилеген. Андан сырткары кыргыз жарандарын Орусиянын аба майдандарынан кайра артка кайтарбоо максатында, авиакомпания "Новапортко" 24 саат мурда жүргүнчүлөрдүн тизмесин алдын-ала жөнөтүп, жүргүнчүлөр учакка түшкөнгө чейин ким Орусиянын "кара тизмесине" илингенин билдирет.

"Новапорт" кыргыз мигранттарын жумуш орундар менен камсыз кылууга жана Кыргызстандагы туризм мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга көмөктөшөт.

Астрахандын "Нариманово" аэропортунан Борбор Азияга болгону Казакстандын Актау шаарына жана Волгограддын "Гумрак" аба майданынан тажик жана өзбек борборлоруна жана Актауга түз аба каттамдар бар. "Нариманово" аба майданы Астрахан областынан тышкары, Дагестан, Калмыкия жана Ставрополь крайын тейлейт. Ал эми Томсктун "Бегишёво" аэропортунан Борбор Азияга түз авиарейстер жок.

Астрахан жана Волгоград областтары жайгашкан Түштүк федералдык аймагында божомол менен 15 миң, ал эми Томск жайгашкан Сибирде 120 миңден 150 миңге чейин кыргыз жарандары бар.

"Эйр Кыргызстан" учурда Бишкектен жана Оштон Орусиянын жети шаарына, Дубайга, Үрүмчүгө жана Ташкентке каттайт.

"Новапорт" Орусиядагы Астрахан, Барнаул, Волгоград, Новосибирск, Томск, Челябинск жана Чита шаарларындагы аэропортторду иштетет. (BAz)

XS
SM
MD
LG