Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Баткенде эки бала бакча ачылды


Чек арада жайгашкан Карабак айлында 240, ал эми Сай айлында 80 орундуу бала бакча ЮСАИДдин каржылоосу менен ачылып, бүгүнтөн тартып ишке киришет. Жаңы жылга чейин Баткен районунда дагы эки бала бакча ачылуусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган Баткен районунун аким Сейитмурат Калыковдун айтуусунда райондогу 24 бала бакчанын 21и жамааттык жана эл аралык уюмдардын күчү менен ачылган.

Акимдин сөзү боюнча облус боюнча Баткен району бала бакча менен жетиштүү камсыз болгон аймак. Ал эми облустун борбору Баткен шаарында мектепке чейинки жаштагы үч миң бала бакчага муктаж.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG