Ошто Келдибековдун тарапкерлери өткөрүп жаткан митингде кандайдыр бир мыйзам бузуу катталган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчынын кеңсесинен билдиришти. Ушу тапта акыйкатчынын өкүлдөрү Оштун борбордук аянтындагы митингге көз салып турушат. Акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошевдин айтымында, "чогулгандардын саны 4-5 миңдин тегерегинде, 20 чакты атчан киши бар".
Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков мурда Социалдык фондду, кийин парламентти жетектеп турганда мамлекетке 30 миллион сом зыян келтирген деген айып менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Ал өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атоодо. Оштогу митинг анын бошотулушун талап кылууда. (RK)