Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Турсунбек Акун алайлыктар менен жолукту


Мурдагы акыйкатчы, учурда Борбор Азия мамлекеттеринде адам укугу боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун Оштун Алай районуна барып, Келдибековдун тарапкерлери менен жолугуп кайтты. Анын "Азаттыкка" айтымында, Гүлчө, Сопу-Коргон айылдарында өткөн жолугушууларда "бийлик коррупция менен бир жактуу күрөшүүдө, биз митингге акча үчүн чыгып жатканыбыз жок" деген сөздөр айтылды.

Оппозициядагы "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, парламент депутаты, Акматбек Келдибеков мамлекетке 30 миллион сом зыян келтирген деген айып менен 19-январга чейин камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Келдибеков 1966-жылы Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.(RK)

XS
SM
MD
LG