Украинада парламенттик оппозиция эртеңки жыйында Микола Азаровдун өкмөтүнө ишеним көргөзбөө резолюциясын жана ички иштер министрин жоопко тартуу маселесин кароону талап кылууда. Оппозиция министрди ишемби күнү Киевдеги борбордук аянттагы демонстранттарга каршы күч колдонгону үчүн айыптоодо.
Айрым маалыматтарга караганда, баш калаа Киевге ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү жөнөтүлдү. Ички мекеме масштабдуу акцияларга байланыштуу тартипти камсыздоо үчүн ички аскерлерге жардамга кошумча күчтөр тартылаарын билдирди.
Киевде президент менен өкмөттүн отставкасын талап кылган демонстрациялар уланууда. Оппозициянын бир нече миң тарапкери эртеден бери министрлер кабинетинин имаратынын алдында пикет өткөрүп жатышат.
Бир нече күн мурун Украина жетекчилиги Евробиримдик менен келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин өлкөдө нааразылык акциялары күчөдү. Оппозиция жалпы улуттук иш таштоо жарыялады. Каршылык көргөзүү штабдары бардык облустарда түзүлдү. Борбор шаарга жер-жерлерден активисттер келе баштады. Кечээ Киевдеги Эгемендик аянтына, ар кандай маалыматтарга караганда, 500 миңдей киши чыкты.