Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Айтматовдун 85 жылдыгы Британияда белгиленет


Англис тилинде чыккан "Маймыл кыз жана сумке" китебинин иллюстрациясы.
Англис тилинде чыккан "Маймыл кыз жана сумке" китебинин иллюстрациясы.
Дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси Англияда бир нече адабий кечелер менен коштолот.

Айтматовдун "Маймыл кыз жана сумке" жомогунун англисче котормосунун бет ачары 8-декабрда, Лондондун чок ортосундагы белгилүү Пикадилли көчөсүндөгү "Уотерстоунс" китеп дүкөнүндө өтөт. Бул тууралуу Англиядагы Айтматов академиясы кабарлады. Мындан сырткары, кыргыз диаспорасынын бир нече эскерүү кечелери жана спорттук мелдештери өтөт.

Жазуучунун туулган күнү 12-декабрда Лондондо илимий конференция жана эскерүү иш-чаралары менен коштолот. Аны Британиядагы Орусиянын элчилиги, "Россотрудничество" уюму, Мухтар Ауэзов атындагы адабият жана көркөм өнөр институту, Казак көркөм өнөр академиясы жана Англиядагы Айтматов академиясы уюштурууда.

Былтыр Лондон олимпиадасы учурунда Айтматовдун 1958-жылы жазылган "Жамила" повести "Уотерстоунс" тарабынан "август айынын китеби" деп жарыялаган. Дүйнөдөгү эң ири китеп саткан компаниялардын катарына кирген "Уотерстоунс" 19-кылымдан бери иштейт. Анын Британияда 300 дүкөнү бар. (BAz)

XS
SM
MD
LG