Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Сатыбалдиев Мырзакматовдун айткандарын сындады


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Оштун мэри Мелис Мырзакматов кечээ Келдибековдун тарапкерлеринин митингинде айткандарын сындап, аны чектен чыкпай, мыйзамдуу милдеттерин так аткарууга чакырды. Премьер менен мэр телефондон сүйлөшкөнүн бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов 2-декабрдагы митингде:

- Акматты (Акматбек Келдибеков - ред.) камагандан кийин, тиги КСДП партиясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековду да камаса, ошондо биз бул коррупция менен күрөш акыйкат жүрүп жатат демекбиз. Азырынча шаарда мен кожоюнмун. Кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле, - деген болчу.

"Мамлекеттик казынадан 30 миллион сомдой акчаны мыйзамсыз короткон" деген айып менен тергөө изоляторуна камалган ЖК депутаты, оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 2-декабрда Ошто митинг өткөргөн. Келдибеков өзүнө карата козголгон кылмыш иш саясый мүнөздө экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG