Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Өкмөт бийликти басып алууну каалагандарга катуу чара көрөт


Кайсы гана аймак болбосун жана жалпы өлкөдө бийликти басып алууга аракет жасагандарга катуу чара көрүлөт, күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мындай тапшырманы ички иштер министрлигине бергенин бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Премьер Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, коомдук тартипти камсыз кылуу маселесин талкуулады. Келдибековдун тарапкерлеринин Ош облустук акимчилигин басып алуу аракетин мыйзамсыз иш деп атады.

"Мамлекеттик казынадан 30 миллион сомдой акчаны мыйзамсыз короткон" деген айып менен тергөө изоляторуна камалган ЖК депутаты, оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 2-декабрда Ошто митинг өткөргөн. Келдибеков өзүнө карата козголгон кылмыш иш саясый мүнөздө экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG