Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мультимиллионер болуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин бүгүн журналисттердин Келдибековдун камалышы боюнча суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди:
- Уурулар менен аягына чейин күрөшөм. Аларды миң чакты киши колдосо, мени миллиондогон адам шайлаган, - деди президент.
Парламенттеги оппозициячыл "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков мурда Социалдык фондду, андан кийин парламентти жетектеп турганда мамлекетке 30 миллион сом зыян келтирген деген айып менен кармалган. Кылмышка шектүү катары ал учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Келдибеков өзүнө коюлган айып эч негизсиз экенин айтууда. Кечээ анын бошотулушун талап кылып Ошто миңдеген киши катышкан митинг өттү. (UEz/RK)