Бишкек шаарынын он чакты мектеп жана муниципалдык бала бакчаларына видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн мэриядан кабарлашты. Видеобайкоо азырынча Биринчи май районундагы №6, 24, 27, 29, 48, 61, 69, 70, 81 мектептерге жана айрым бала бакчаларга коюлду. Максат - балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын баскан-турганына он-лайн режиминде байкоо салуу, чоочун кимдир бирөөлөрдү мекеме ичине киргизбөө. Келерки жылы да бул иш улантылмакчы. Соңку кезде мектептеги рэкет, бала бакчадагы абал маселеси коомдо көп айтылууда. (RK)