Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Украин парламенти өкмөттү кетирүү маселесин кароодо


Украинанын Жогорку Радасында өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси талкууланууда. Николай Азаров жетектеген өкмөттүн кетишин оппозиция талап кылып жатат. 21-ноябрда украин өкмөтү Европа Биримдиги менен келишимге кол коюуга даярдыкты токтотконун оппозиция "украин элине карата саткынчылык" деп атаган. 30-ноябрда "евроинтеграциянын" тарапкерлеринин митингин бийлик күч менен тараткан болчу. Дүйшөмбү күнү Киевде демонстранттар өкмөттүк башкы имаратты жана анын айланасындагы көчөлөрдү курчап алып, мамлекеттик кызматкерлерди ишке киргизбей койгон. Толкундоолор каптаган Украинада президент Виктор Янукович Евробиримдик менен сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниетин билдиргени кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG