Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ооганстандын өкмөт башчысы коопсуздук келишимине кол коё алат


АКШ мамкатчысы Жон Керри 2014-жылдан кийинки Ооганстандын коопсуздугу тууралуу келишимге президент Карзайдан тышкары коргоо министри же өкмөт башчысы кол койсо болорун билдирди. Ал шейшембиде Брюсселде өткөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин саммитинде ооган өкмөтүнө кайрылып, “коопсуздук тууралуу келишимге эртерээк кол коюуга” чакырды.

Ооганстандын 2014-жылдан кийинки коопсуздугу тууралуу келишим америкалык аскер күчтөрүнүн анда кала берүүсүнө шарт түзөт. Бул келишимге президент Хамид Карзай келерки жылдын апрелинде мөөнөтү бүтөрүн айтып, кол коюудан баш тарткан. Эгер келишим жетишилбесе анда 2014-жылдын аягына чейин антитеррордук альянс Ооганстандан бардык аскер күчтөрүн чыгарып кетет.

XS
SM
MD
LG