Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Абактагы өспүрүмдөргө зомбулукту азайтуу долбоору ишке кирет


Эркинен ажыратылган балдарга зомбулукту азайтуу долбоору Борбор Азия аймагынан Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанды камтыйт. Кыргызстанда аны ишке ашыруу Акыйкатчы институтунун, “Жаш укук коргоо тобу” деп аталган коомдук уюмдун жана Эл аралык түрмө реформасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылмакчы.

Долбоордун максаты жабык жайларда балдардын кыйноолорго жана зордук-зомбулуктарга дуушар болуусун токтотуу. Ошондой эле жашы жете элек балдардын жеке камераларга жана чоң кишилер менен чогуу камалуусуна бөгөт коюу болмокчу.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, акыркы үч жылда жүргүзүлгөн мониторинг жабык жайларда кармалган балдар зордук-зомбулукка жана кыйноолорго дуушар болорун аныктаган.

Кыргызстанда тергөө абагында жашы жете элек балдар чоңдор менен кошо кармалат. Ушул тапта өлкөдөгү 117 жабык жайларда 11 миңден ашуун бала кармалып турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG