Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Парламентте өкмөттүн кадр саясаты сынга кабылды


Парламенттин бүгүнкү жыйынында өкмөттүн кадр саясатына карата сын айтылууда. "Республика" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев өкмөт эл, коомчулук тарабынан сындалган жетекчилерге чара көрбөй, жакшы иштеп жаткандарды кызматтан алууда деген пикирин айтты:

- Мисалы, Бишкектин КСДПчы депутатын Нарынга губернатор кылып койду. Элдин маселесин чечип, түз иштеп жатканды тийбеш керек, элди кыжаалат кылбай. А иштей албай жаткандарды жумуштан алыш керек. Эми биз киришпесек премьер-министр каалаганын калчай береби?

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев Балыкчы шаарынын мэрине кылмыш иш козголгонуна байланыштуу ал иштен алынганын эскертип, эмне себептен мындай чара Бишкектин мэрине карата көрүлбөй жатат деген суроо койду. (RK)

XS
SM
MD
LG