Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

ЮНЕСКО: "Манас" үчилтиги боюнча добуш берүү өтөт


Бүгүн Бакы шаарында өтүп жаткан эл аралык жыйында "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча добуш берилет. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Ал кыргызстандык делегациянын ишине ийгилик каалап, оң чечим кабыл алынаарына ишенээрин айтты.

ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитетинин бүгүнкү жыйынына Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жетекчи орун басары Карганбек Самаков баштаган кыргызстандык делегация катышууда. Курамында манасчылар, эксперттер жана журналисттер бар. Максат - кыргыз элинин "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыз мамлекетинин атынан каттатуу. Комитеттин кароосуна дүйнө өлкөлөрүнөн 42 номинация киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG