Кыргызстанда экстремизмге каршы күрөштү жөнгө салуучу мыйзамга толуктоо киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору бүгүн парламентте талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Адистердин айтымында, азыркы майзамдарда "экстремисттик уюмдун атрибутикасы жана символикасы" деген түшүнүктүн так аныктамасы жок. Андыктан тыюу салынган, экстремисттик маанайдагы уюмдардын белгилерин эл алдына алып чыгып, үгүттөөнү экстремизм катары баалоо сунушу киргизилип жатат. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 13 уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. (RK)