Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Украина: мурдагы президенттер демонстранттарды колдошот


Мурунку мамлекет башчылар Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко Евробиримдикке кошулуу талабы менен бир нече күндөн бери акция өткөрүп жаткандарды колдошорун билдиришти. Ющенконун партиялык сайтына жарыяланган биргелешкен билдирүүдө экс-президенттер “жүз миңдеген украиндердин атуулдук тынч аракеттерине тилектештигин” билдиришкен. Ошондой эле алар демонстранттарга күч колдонгон полицияны айыптап, украин өкмөтүн элдин мүдөөсү менен эсептешүүгө чакырышкан. Билдирүү ээлери кризис тереңдей берсе, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу турганын да эскертишкен.

Украин президенти Виктор Янукович Вильнюста өткөн жыйында Евробиримдикке кошулуу келишимине кол койбогондон кийин, евроинтеграциянын жактоочулары Киевде жана башка аймактарда мөөнөтсүз акцияларды өткөрүп келе жатышат.

XS
SM
MD
LG