Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Исмаилов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болду


Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Мурат Исмаилов дайындалды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүнкү буйругу менен Иса Өмүркуловдун отставкасын кабыл алып, жаңы мэр шайланганча бул кызматка убактылуу Мурат Исмаиловду дайындады. Исмаилов буга чейин шаардын биринчи вице-мэри болуп иштеп келген. Иса Өмүркулов кечээ кызматтан өз каалоосу менен кетүү арызын жазган. Ага чейин Баш прокуратура Өмүркуловду парк зонасынын чегин бузду деп айыптап кылмыш иш козгогон. Бирок Өмүркулов отставкасын бул окуяга байланыштырбоону өтүндү.(RK)

XS
SM
MD
LG