Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:44

“Центерра” Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүгө каршы


Бул тууралуу акыркы эки күндөн бери Канаданын “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өкмөт мүчөсү Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, тараптар өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө, ал эми “Центерра” Кыргызстандын үлүшүн 67% көтөрүүгө макул болгон жок. Шыкмаматовдун айтуусунда мындан аркы сүйлөшүүлөр эксперттер деңгээлинде болот.

Кумтөр алтын кенине байланыштуу “Центерра голд компани” ишканасы тууралуу маселе Кыргызстан менен Канаданын Тышкы иштер министрлеринин 5-декабрдагы жолугушуусунда да көтөрүлдү. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалымдашынча, тараптар бул маселе мыйзамга ылайык чечилүүгө тийиштигине токтолушту.

Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра голд компани” Кумтөр алтын кенин 50/50% үлүш менен иштетүү меморандумуна кол коюшкан. Бул Жогорку Кеңештин каршылыгына кабылып, парламент Кыргызстандын үлүшүн 67% көтөрүү талабы менен тараптарга 23-декабрга чейин мөөнөт берген. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин маалыматы боюнча Кыргызстандын ишканадагы чыныгы үлүшү 50 эмес, 46 пайызды түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG