Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Украина: саммит катышуучулары элдин талабын угууга чакырды


Шейшембиде Киевде ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин саммитине келген дипломаттар өкмөттү нааразылык чараларын сыйлоого чакырды. АКШ мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд өкмөт “өз элинин үнүн угууга тийиштигин” айтты. Немис тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Украинага экономикалык кысым жасоо “жосунсуз жорук” деп билдирди.

Өкмөт башчысы Микола Азаров оппозиция менен диалогго даяр экендигин билдирип, ошол эле убакта өкмөттүн отставкасын талап кылган демонстранттарды «экстремисттер» деп атады.

Мунун алдында Европа Парламентинин Украинадагы өкүлдөрү Киевге кайтууга жолдомо алгандыгы кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG