Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Бишкекте бир нече жетекчиге кылмыш иши козголду


Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаар мэриясынын, “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза кызматынын жана Техникалык-экологиялык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын Бишкек бөлүмүнүн жетекчи кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “жер мыйзамын бузган” деген беренелер менен кылмыш иш козголду.

Башкы прокуратуранын “Азаттыкка” кабарлашынча, 2011-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарым гектар жер “Дельта петролеум” ишканасына автосалон курууга берилген. Кийинчерээк токтом өзгөртүлүп, автосалондун ордуна май куюучу бекеттин курулушуна уруксат берилген. Муну менен жер мыйзамы одоно бузулган, ал эми мыйзамсыз курулган майбекет Мамлекеттик экспертиза кызматынын жана Техникалык-экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек бөлүмүнүн жетекчилеринин макулдугу менен пайдаланууга мыйзамсыз берилген.

"Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүп жатат",- деп маалымдайт Башкы көзөмөл органы. Азырынча кылмыш иши козголгон жетекчилердин аты атала элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG