Жогорку Кеңеште талкууланган маселелер ашкере саясатташып кетиши элибиздин нааразылыгын жаратып жатат. Мындай пикирин бүгүн кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал парламент өз укугунун чегинен чыгууга, өкмөттүн, тергөө жана сот органдарынын милдеттерин тартып алууга багытталган аракеттерге жол бербеш керек деди.
- Чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш өз укугун жана өз жоопкерчилигин таразалабаганы байкалууда. Айрыкча өкмөт менен иш алып барууда ушундай көрүнүш байкалат, - деди мамлекет башчы.
Атамбаев Жогорку Кеңештин ийгиликтүү жана натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалап, "эми элибиз депутаттардан туура чечимдерди, жоопкерчиликтүү кадамдарды күтүүгө толук укуктуу", - деди.
2010-жылкы референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча Кыргызстан парламенттик демократия жолунда баратат. Азыркы Жогорку Кеңеш беш фракцияга бөлүнгөн 120 депутаттан турат. Анын мөөнөтү эки жылдан кийин аяктайт. (RK)