Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Түндүк Европада бороон алты кишинин өмүрүн алды


Түндүк Европада катуу бороондо курман болгондордун саны алтыга жетти. Бороондон улам бейшемби күнү кечке жуук Британиянын түндүгүндө транспорт каттамы жана электр кубатын берүү үзүлтүккө учураган эле.

Шамал жүк ташуучу машинени оодарып кетип, британ айдоочу курман болгон. Ылдамдыгы саатына 225 чакырымга жеткен шамал жыгылткан дарак бир кишини басып калган. Данияда дагы шамал жүк ташуучу машинени коңторуп салып, айдоочусу жайран болду.

Польшада шамалдан жыгылган дарак жеңил машинени басып калып, автомобилдин ичиндеги үч адам жан берди. Польшада бороон мамыларды кулатып, 100 миңден ашуун адам электр кубатысыз калганы кабарланды. Польшанын LOT авиакомпаниясы өлкө ичиндеги жана Европага болчу каттамдарды токтотту.

XS
SM
MD
LG