Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Кочкор-Атадагы карылар пансиону талашка түштү


Жыл башынан бери шаар мэриясы пансионго каражат бөлбөстөн, аны талашып жатканын “Азаттыкка” Кочкор-Атадагы карылар пансионунун директору Жусупжан Ажыбаев билдирди.

Анын айтымында, пансион өз имаратын уюмдарга ижарага берип, андан түшкөн каражат менен Кочкор-Атада кароосуз калган 22 карыяны бир маал ысык тамак менен камсыз кылат.

“Алардын ичинен үчөө пансиондун көмөкчү бөлмөлөрүндө жашайт. Имаратты пансионго калтыруу тууралуу Ош облустук райондор аралык сотунун 28-октябрда күчүнө кирген чечими аткарылбай атат”, - дейт Ажыбаев.

Ал эми Кочкор-Ата шаарынын башчысы Кубаныч Эгембердиев мэрия эсебинде турбаган пансионго каражат бөлүү мыйзамсыз болоорун, пансиондо эки адам жашаарын, ал жерге тамактанууга 7-8 карыя келерин, мэрия да Ош облустук райондор аралык сотко кайрылганын маалымдады. (YA/MTo)

XS
SM
MD
LG