Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Дүйнөлүк соода уюму ири реформалардын долбоорун кабыл алды


Индонезиянын Бали аралында өтүп жаткан Дүйнөлүк соода уюмунун конференциясында 159 өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык сооданы тез өнүктүрүү чаралары боюнча макулдашууга жетишти. 1995-жылы түзүлгөн уюмдун тарыхында бул ири реформанын долбооруна кол коюлду.

Долбоордо бажы көзөмөлүн жеңилдетүү, жакыр өлкөлөргө көмөк көрсөтүү, ачка калгандарга жардам берген дыйкандарга берилчү ссудаларга чектөөнү азайтуу каралган.

Индия, Куба жана Венесуэла каршы пикирлерин айтышты. Бирок 4 күн бою уланган талкуудан кийин 7-декабрда бардык катышуучулар макулдугун беришти. Дүйнөлүк соода уюмунун чечимдери бардык катышуучулардын турумдары бирдей болгондо гана кабыл алынат. (AiK)

XS
SM
MD
LG