Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү:

8-декабрдан 10-декабрга чейин өлкө аймагында жаап өткөн карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука-Каныш-Кия (62-100-км) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы:

9-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын, кар жаашы күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11,
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2,
Тоолордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус суук, күндүз 8...10 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG