Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28

Киев:Оппозиция президенттин резиденциясын курчаарын эскертүүдө

Киевдин негизги аянтында миңдеген адамдардын катышуусунда оппозициянын ири митинги өтүүдө. 7 жылга кесилен мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко болсо оппозицияны бийлик менен сүйлөшүүгө барбоого үндөдү. Анын кайрылуусун кызы окуп берди. Анда президент Виктор Янукович мыйзамдуулугун жоготконун жана оппозициянын максаты - аны кызматтан кетирүү экендиги жазылат.

Оппозиция эки күндүн ичинде кызматтан кетпесе, президенттин резиденциясына кеткен жолдор бууларын эскертүүдө.

Львовдо да Евробиримдик менен интеграциянын жактоочуларынын ири митинги өтүүдө.

21-ноябрда Украинанын министрлер кабинети Евробиримдик менен келишимди даярдоону токтоткон соң, массалык нааразылык акциялар бүт өлкө боюнча башталган (AiK).
XS
SM
MD
LG