БУУнун Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлору жекшембиде Арактагы Ирандын ядролук реактору жайгашкан жайды текшеришти. Бул эл аралык инспекторлордун акыркы эки жылдан берки алгачкы сапары болду. Ал Иран менен дүйнөлүк 6 держава ортосундагы жетишилген келишимдин негизинде ишке ашууда.
24-ноябрда Женевада АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Германия жана Франция кирген алтылык менен Иран өзөктүк программа боюнча макулдашууга жетишкен.
Макулдашууга ылайык, Иран уранды байытууну белгилүү бир чектен ашырбоо милдеттенмесин алган. Ал келишим алкагында, Иран бийлитери Арактагы ядролук реакторду ишке бербөөгө макулдук болгон. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү бир катар санкцияларды алып салуу убадасын берген. МАГАТЭ жана Батыш өлкөлөрү Тегерандан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдо өзөктүк курал үчүн керектүү плутоний өндүрүлүшү мүмкүн деп шектенип келишет.